Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Научные статьи
“Колледж-жогорку окуу жай” системасындагы үзгүлтүксүз билим берүү
“КОЛЛЕДЖ-ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙ” СИСТЕМАСЫНДАГЫ
ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ БЕРҮҮ
Жунушалиева Нурзат Манасовна
Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин директору.
Бул долбоордо коомдогу үзгүлтуксүз билимдин суроолору каралган. Автор үзгүлтуксүз билим берүү жарандык коомдун жашоосунда билимди, билүүнү жана көндүмдөрдү берет, жана дагы коомду өнүктүрүүгө арбын калоону да мүмкүнчүлүктү да берет деген тыянакка келет.
Азыркы коомго терең жана ар тараптуу жана интеграцияланган билими бар, учурдун негизги көйгөйлөрүн кеңири көрө билген адистер керек. А бул нерсе, өз кезегинде ар дайым жаңыланып жана татаалданып турган маселелерди чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоону талап кылат. Билим берүү системасынын бул сапаттарды калыптандыруу жөндөмү азыркы мезгилдеги анын адекваттуулук деңгээлин мүнөздөйт.
Бүгүнкү күнү билим берүү бүтүрүүчүгө билимдердин суммасын гана эмес, а, экономикалык шартта динамикалык түрдө өзгөрүп турган ишке даярдыкты камсыздоочу компетенциялардын жыйындысын да бериши керек. Билим берүүнүн сапаты социалдык-экономикалык адекваттуулук менен гана аныкталбастан, инсандын билим берүү жагынан канааттануусу менен да аныкталат.
Так ушул нерселер жаштарды адискөй даярдоо менен байланышкан теориялык маселелерди жана практикалык чечимдерди кайрадан ойлонуштурууну талап кылат. Бизди курчап турган дүйнөдөгү абалдын тез өзгөрүп туруусу үзгүлтүксүз билим берүүнүн зарылдыгын жаратат.
Үзгүлтүксүз билим берүү – бул түрдүү окуу жайларынын бирдиктүү системасы гана болбостон, билим берүү – бул өмүр бою өзүн-өзү окутуп тарбиялоо аркылуу адамды калыптандыруу жолу десе да болот.
Үзгүлтүксүз билим берүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун бир кыйла жакшыраак шарттары, интеграциялоо аркылуу адистерди даядоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген, ар кандай деңгээлдеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жаңы билим берүү комплекс-түзүмдөрүндө жатат. Так ушундай комплекстердин бири болуп түзүлгөн Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи эсептелет. Азыркы учурда Эл аралык инновациялык технологиялар университети өзүнө үзгүлтүксүз билим берүү системасынын 2 этабын камтыйт:
I этабы – Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи – кесиптик орто билим берүү окуу жайы – (ИТЭК);
II этабы – Эл аралык инновациялык технологиялар университети – жогорку окуу жайы – ЭИТУ.
Мындан башка дагы айдоочулар курсу, автослесарь, автоэлектрик, компьютер адиси боюнча кыска мөөнөттүү курстар бар.
Долбоордун максаты: “колледж – ЖОЖ” системасында үзгүлтүксүз билим берүүнү ишке ашыруучу билим берүү комплекс моделин жакшыртуу.
Милдеттери:
- иштеп жаткан үзгүлтүксүз билим берүү моделине анализ жүргүзүү;
- “Колледж – ЖОЖ” билим берүү комплексинин өзгөчөлүктөрүн аныктоо;
- бирдиктүү билим берүү саясатын билим берүү комплексинин алкагында жакшыртуу;
- педагогдордун жана студенттердин үзгүлтүксүз изилдөөчүлүк чыгармачылыгын илимий-методикалык жактан камсыздоо;
- рынок экономикалык жана экономикалык кризис шарттарына ийкемдүү, адисттик чеберчиликке, чыгармачылык жөндөмгө жана маданияттын жогорку деңгээлине ээ болгон адисти калыптандыруунун жаңы жолдорун издөө жана жайылтуу;
- “Колледж-ЖОЖ” системасындагы үзгүлтүксүз билим берүүнү жакшыртуу моделдерин жана таасирдүүлүк көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу.
Долбоорду ишке ашыруудагы күтүлүүчү натыйжалар:
- билим берүү комплексинин үзгүлтүксүз адистик билим берүү концепцияларынын негизги принциптерин ишке ашыруучу таасирдүү модели:
· ийкемделүүлук;
· көп кырдуулук;
· жеткиликтүүлүк;
· таасирдүүлүк;
· сапат.
- эмгек рынок талаптарына тез таасирленген, көп кырдуу билим берүү мекемелеринин түрдүү баскычтарындагы интеграцияланган адистик программааларды шке ашыруунун уюштурулган жана технологиялык жактан такталган механизми;
- “колледж – ЖОЖ” үзгүлтүксүз адистик билим берүү системасында ар дайым өзгөрүп туруучу рынок шарттарына көнүп кете турган, дайым билим алууга жана өнүгүүгө даяр жана жөндөмдүү болочок адистин кесиптик маанилүү сапаттарын калыптандыруу аспектисинде билим берүү процессин жакшыртуу боюнча жолдомолорду иштеп чыгуу.
Долбоор, ушул долбоорду аткаруунун актуалдуулугун жана максаттуулугун ачып берген, үзгүлтүксүз билим берүүнүн концептуалдык негизги көйгөйлөрүн жана билим берүү комплексиндеги “колледж – ЖОЖ” системасында үзгүлтүксүз билим берүүнү практикалык жактан жайылтуунун этаптарын көрсөткөн бөлүмдөрдөн турат.
Долбоор 2013-жылдын 25-июнунда Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин педагогикалык кеңешинин отурумунда №4 – протоколунда каралып жана жактырылган.
I. Долбоорду негиздөө.
Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал динамикалык түрдө өзгөрүп турган рынок шарттарына жаштарды адискөй тарбиялоого байланышкан теориялык ыкмаларды жана практикалык чечимдерди кайра ойлонуштурууну талап кылууда. Азыркы бардык тармактагы өндүрүшкө жөн гана алгоритм боюнча берилген милдеттерди гана аткара турган эмес, көйгөйлүү маселелерди чече ала турган, кыйын учурларда жол таап кете турган, кабыл алынган чечимдердин натыйжасын көрө билген ар тараптуу адистер керек. Азыркы учурдун адиси үзгүлтүксүз билим берүүгө даяр, ой жүгүртүүнүн системалык-багытталган стилине ээ, өзүн-өзү өнүктүрө алган чыгармачыл инсан болушу зарыл. Адистин бул сапаттары инсанды адискөйлүккө даярдоо учурунда калыптанат жана өнүгөт: атайын орто билим берүү окуу жайындагы окуу процессинде, андан кийин жогорку окуу жайында жана андан ары адистик ишмердүүлүгүндө.
Курчап турган дүйнөдөгү абалдын тез өзгөрүүсү үзгүлтүксүз билим берүүнүн зарылдыгын жаратат. Үзгүлтүксүз билим берүү концепциясына ылайык чыгармачыл, демилгечил инсанды калыптандыруу үчүн негизги принциптери катары интеграциялоо жана өз алдынчалык саналган үзгүлтүксүз билим берүүнүн механизми иштелип чыгууда. Үзгүлтүксүз билим берүү окуу процессинде же өмүр бою өзүнүн интеллектуалдык траекториясын өз алдынча түзүүгө өз алдынча үйрөнүүгө ар бир адамга жардам бере турган жеке сапаттардын калыптанышына дайыма көзөмөл жүргүзүп турууну камсыздайт.
Ошентип, үзгүлтүксүз билим берүү деп: багыты, ылдамдыгы жана убактысы боюнча жекелештирилген; ар бир адамга аны алууга өзүнүн жеке планын ишке ашыруу мүмкүндүгүн берген, толуктугу жагынан бардыгын өзүнө камтыган билим берүүнү түшүнсө болот.
Узгүлтүксүз адистик билим берүү адамды алмашып турган адистик милдеттерди аткарууга, өзүнүн жекелик жана социалдык өнүгүүсүнө, чыгармачылык жактан калыптанышына карай даярдыгын камсыз кылат.
Билим берүүнүн үзгүлтүксүз процессинин жана инсанды өнүгүүсүнүн позициясынан караганда адистик окутууга карай системалык мамиле төмөнкү белгилерди камтыйт:
· үзгүлтүксүз адистик билим берүүнү адамдын бүт өмүрү бою ишке ашыруу;
· жалпы жана кошумча билим берүүнүн ар кандай түрлөрү;
· өзгөрмөлүүлүктүн кеңири мүмкүнчүлүгүн камсыздаган билим берүү каражаттарынын, методдорунун, технологияларынын жана мезгилинин мазмуну жагынан ийкемдүүлүгү жана көп кырдуулугу;
· билим берүүнү анын бүтүндүгүнүн эсебинен күчөтүү.
Үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасы билим берүү жайларынын практиканын алмашып туруучу таламдарын өз учурунда байкап туруу жөндөмүн күчөтүүсү керек.
Үзгүлтүксүз билим берүүнүн система жаратуучу фактору катары анын бүтүндүгү, башкача айтканда, элементтерди механикалык өстүрүү эмес, а бардык билим берүү системаларын жана процесстерин терең интеграциялоо эсептелет.
Жогоруда айтылгандарды жалпылоо менен, үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасында борбордук фигура катары үзгүлтүксүз окууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана өзүн ишке ашырууга мүмкүндүк алуучу студенттин жеке инсандыгы саналаарын белгилей кетүү керек.
Ошону менен, үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү концепцияларынын негизги мүнөздөмөлөрү болуп: ийкемдүүлүк, көп кырдуулук, жеткиликтүүлүк, таасирдүүлүк, сапат эсептелет.
Калктын күн сайын өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кесиптик билим алууда билим берүүнүн түрдүү типтерин жана деңгээлдерин интеграциялаган окуу комплекстеринин андан ары өнүгүүсү зарыл экендигин турмуш өзү көрсөттү. Мындай комплекстерди түзүү, көп таасирдүүлүгү жана азырак финансылык керектөөлөрү менен жаралып жаткан илимий, методикалык жана башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгынан улам келип чыгууда. Бул нерселер бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо атаандаштыкты, сапатты жогорулатып, туруктуу абалды, кыймыл аракеттерди координациялоо мүмкүндүгүн жаратат.
Эл аралык инновациялык технологиялар университети (ЭИТУ) жана Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи (ИТЭК) – билим берүү комплекси – өз максаты менен студенттердин эмгек рыногунда эң керектүү болочок кесипке этап-этабы менен кирүүсүнө, жана келечектеги адиске маалыматтык, экономикалык жана социалдык маданиятты үйрөтүүгө ээ.
Мамлекеттик эмес билим берүүнүн коомдогу орду сапаттык көрсөткүчтөрү менен гана эмес, а анын социалдык ролу менен да өзгөчөлөнөт:
- ал өз окуусун төлөөгө жөндөмдүү студенттердин азыраак санын өзүнө тартып, аны менен башкаларга бекер билим алууга мүмкүндүк берет;
- ал, мамлекет (көп керектелген адистиктерге чоң сынактары бар жерлерде) окууга мүмкүндүк бере албаган студенттерге окууга мүмкүндүк берет;
- мамлекеттик эмес билим берүү бул процесстин бардык катышуучуларын бир кыйла мобилдүү, инновациялуу болууга түрткү берүү менен билим берүү рыногунда атаандаштык мамилени жартат.
Өзүнүн тарыхый таламдарына жооп берген мезгилдин социалдык буюртмасын эске алуу менен 2007-жылы ЭИТУ – ИТЭК – эки, юридикалык жактан өз алдынча мамлекеттик эмес билим берүүчү мекемеси кирген: Бишкек ш. ИТЭК(колледж), ЭИТУ(университет) билим берүү комплекси түзүлгөн. Азыркы учурда комплекс үзглтүксүз билим берүү системасынын эки этабын камтыйт:
I этабы – кесиптик орто билим берүү окуу жайы – (ИТЭК) колледж;
II этабы – жогорку окуу жайы – ЭИТУ.
Билим берүү комплекси төмөнкү өзгөчөлүктөрү менен студенттерди өзүнө тартат:
1) окуу мөөнөтүн кыскартуу, окууну улантууда жана бир окуу жайдан экинчисине өтүүдө кайталанууну жеңип чыгуу мүмкүндүгү;
2) дароо II - же III – курска отурууга байланыштуу окууга акча каражатын үнөмдөө мүмкүнчүлүгү;
3) ар бир студенттин мүмкүнчүлүгүнө жогорку деңгээлде жооп берген кесиптик даярдоонун траекториясын тандоо мүмкүндүгү.
Кадрларды тепкич менен даярдоону ишке ашыруучу көп кырдуу билим берүүчү окуу жай-комплекстеринин өзгөчөлүгү төмөнкүлөр менен шартталган:
1. Жогорку рангдагы окуу жайынын окуу процесси учурунда окууну бүтүү үчүн бир кыйла жөндөмдүү студенттерди тандап алууга, ошол эле учурда башкаларын да белгилүү бир кесиптик даярдыкка ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого умтулуусу;
2. Окуу-материалдык базаларын ирегелеш окуу жайларынын базалары менен бириктирип, аны менен адистердин окуу-өндүрүштүк даярдыгын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү;
3. Атайы орто окуу жайларынан жана жогорку окуу жайларынан алган кесиптик-техникалык билимдеринин беделин жогорулатуу мүмкүндүгү;
4. Жаңы билим берүү түзүмдөрүнүн экономикалык таасирдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү.
Окутуу системасынын үзгүлтүксүздүгү, биринчи кезекте, колледждин жана ЭИТУ дисциплиналарына ылайык окуу программалары макулдашылгандыгында. Бул колледжден жогорку окуу жайдын II- же III-курсуна оңой өтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошентип, окуу комплекс түзүмүндөгү үзгүлтүксүз билим берүү концепциясын ишке ашыруу төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет:
- Эки деңгээлдин тең кесиптик билим берүү сапатын жогорулатууга;
- Адистерди даярдоо мөөнөтүн окуу топторун түзбөй туруп кыскартууга;
- Финансылык жана материалдык ресурстарды башкаруунун жаңы стратегиясын иштеп чыгууга, аларды оптималдуу өздөштүрүүнү камсыздоого, адистерди даярдоо акысын төмөндөтүүгө;
- Билим берүү комплексинин кадрдык келечегин пайдалануу таасирдүүлүгүн жогорулатууга;
- Комплекстин алкагында бирдиктүү билим берүү саясатын иштеп чыгууга;
- Түрдүү деңгээлдеги программалар боюнча окуп жаткан студенттердин билим сапатын баалоодо бирдей талаптарды коюуга;
- ЭИТУнун жана ИТЭКтин студенттери катышып жүргөн ар жылкы студенттик илимий-практикалык конференцияларда көрсөткөн студенттердин илимий-изилдөө жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга.
Ошондуктан, бул долбоордун актуалдуулугу өнүгүп жаткан коомдун азыркы этабында ар бир адамдан ар дайым билим денгээлин жогорулатуусун гана талап кылбастан, эң алды, билим берүү процессинин түзүмүн иретке келтирүүдө жана аны жаңы элементтер менен толуктоодо турат.
Ошентип, долбоордун максаты катары: билим берүү комплекстеринин - ИТЭК (колледж) – ЭИТУ (университет), “колледж - ЖОЖ” системасындагы үзгүлтүксүз билим берүү моделин жакшыртуу саналат.
Милдлеттери:
- иштеп жаткан үзгүлтүксүз билим берүү моделине анализ жүргүзүү;
- “Колледж – ЖОЖ” билим берүү комплексинин өзгөчөлүктөрүн аныктоо;
- бирдиктүү билим берүү саясатын билим берүү комплексинин алкагында жакшыртуу;
- педагогдордун жана студенттердин үзгүлтүксүз изилдөөчүлүк чыгармачылыгын илимий-методикалык жактан камсыздоо;
- рынок экономикалык жана экономикалык кризис шарттарына ийкемдүү, адисттик чеберчиликке, чыгармачылык жөндөмгө жана маданияттын жогорку деңгээлине ээ болгон адисти калыптандыруунун жаңы жолдорун издөө жана жайылтуу;
- “Колледж-ЖОЖ” системасындагы үзгүлтүксүз билим берүүнү жакшыртуу моделдерин жана таасирдүүлүк көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу.
Долбоорду ишке ашыруудагы күтүлүүчү натыйжалар:
- билим берүү комплексинин үзгүлтүксүз адистик билим берүү концепцияларынын негизги принциптерин ишке ашыруучу таасирдүү модели: ийкемделүүлук, көп кырдуулук, жеткиликтүүлүк, таасирдүүлүк, сапат.
Долбоорду ишке ашыруу, “ИТЭК (колледж) – ЭИТУ (университет)” билим берүү комплекстеринин ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизээри талашсыз.
II. Долбоордун башкаруу системасы (долбоордун катышуучуларынын ролдору жана милдеттери).
Долбоордун катышуучулары |
Ролу жана милдеттери |
1. Долбоордун жетекчиси – Жунушалиева Н.М. |
Долбоорду ишке ашыруу шарттарын камсыздоо. |
2. Долбоордун координатору – Серкебаева Ж.К. |
Долбоордун илимий-методикалык коштоосун жүзөгө ашыруу; долбоорду ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү; ЭИТУ (университет) менен байланыштарды долбоорду ишке ашыруу алкагында координациялоо. |
3. Долбоордун катышуучулары: - Батракеева Г.Э., ИТЭК (колледждин) окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
- Усубалиева Г.М., ИТЭК (колледждин) окуу усулдук иштери боюнча директордун орун басары;
- Абдыкадырова М.Б., п.и.к. - Курманалиева А.Ж., ага окутуучу. - Мырзапаязова З.К. ага окутуучу – предметтик усулдук комиссиялардын төрайымдары. - Сапарбаева А.М., ЭИТУнун окуу башкармалыгынын башчысы
|
Билим берүү комплексинде бирдиктүү, саламаттыкты-сактоочу мейкиндикти түзүү. Башка орто жана жогорку окуу жайлары менен иштешүү келишимдерин түзүү. Таасирдүү билим берүү процессин уюштуруу. ЭИТУ менен биргеликте окуу пландарын жана интеграцияланган жумушчу программаларын түзүү. ЭИТУ менен биргеликте болочоок адистиктерге акырындык менен кирүү максатындагы бирдиктүү окуу-методикалык материалдарды түзүү. Кесиптик окутууда улантуучулукту жүзөгө ашыруу. Баштапкы жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү, билим берүү жана өндүрүштү интеграциялооун негизинде адистерди даярдоо. |
4. Бишкек шаарынын жана Кыргыз республикалык ЖОЖдор, ОББОЖ.
|
ЖОЖдор менен иштешүү келишимдерин түзүү, алар менен иштешүү; Илимий-практикалык конференцияларга жана түрдүү деңгээлдеги иш-чараларга катышуу. |
5. Социалдык өнөктөштөр.
|
Келечекте ишке орноштуруу максатында өндүрүштүк тажрыйбадан өтүү келишимдерин түзүү. |
6. Билим берүү жана илим министрлиги |
Үзгүлтүксүз билим берүү программаларына киргизүү жолу менен долбоорду колдоп берүү. “АКББ (атайы кесиптик билим берүү) – (ЖКББ (жогорку кесиптик билим берүүнү) интеграциялоонун түзүмдүк-функционалдык моделдерин иштеп чыгуу жана апробациялоо” эксперименталдык алкагына акырындап кирүү. |
III. Долбоордун концептуалдык негиздери.
ХIХ кылымдын орто ченинде француз жазуучусу Жозеф Эрнест Ренан, билим берүү жөнүндө маселе, бул, учурдагы коомдун келечегине байланышкан өмүр жана өлүм маселеси деп жазган.
Өнүгүүнүн учурдагы тарыхый этабынын башкы мүнөздөмөсү болуп, үзгүлтүксүздүк, туруктуулук, алдыга карай умтулуучулук жана ыкчамдоого жөндөмдүүлүк сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон өзгөрүштөр саналат. Бул өзгөрүштөр, кадрлардан кесиптик мобилдүүлүктү жана жакшырууну, өз билимдерин ар дайым жаңыртып туруунун зарылдыгын талап кылуу менен кесипкөй кадрлардын квалификациялык түзүмүнө болгон таламдарды өзгөртөт. Ошондуктан жеке жана кесиптик жактан өүгүү, жогорку квалификациялуу кадрларга болгон сунуштар жана таламдарга ылайык келген кеңири профилдүү квалификацияга ээ болуу максатында өмүр бою окутуу чечүүчү мааниге ээ.
Азыркы учурда Кыргызстандагы социалдык-экономикалык система жаштарды динамикалык түрдө өзгөрүп жаткан рынок шарттарына кесиптик жактан даярдоого байланыштуу керектүү чараларды аныктоодо. XXI кылымдын башындагы эмгек жашоосуна жаңы кирип жаткан жаштар: мындай жашоого ылайыкташуу үчүн алар ар дайым билимдерин толуктап, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн жакшыртууга даяр болушу керектигин түшүнүүдө. 2020-жылгы чейинки Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн өнүгүү концепциясында: “Учурунда жогору квалификациялуу жумушчуларга болгон таламдар жогорулайт ... деп айтылат бардык денгээлдеги кесиптик жактан даярдоонун мазмунун бир кыйла активдештирип жана сапатын жогорулатуу керек..” деп айтылат.
Кыргызстанда үзгүлтүксүз билим берүү идеясын ишке ашыруу жолдорунун бири болуп жаңы башталып жаткан билим берүүнү диверсификациялоо процесси эсептелет. ЮНЕСКОнун жумушчу иш кагаздарында XXI кылымдагы орто жана жогорку билим берүү көйгөйлөрү боюнча мындай деп айтылган: “Бардык билим берүү ишмердүүлүгүн кайрадан ойлонуштуруп чыгуу зарылдыгы келип чыгат, жогорку билим менен бирге билим берүүнүн бир дагы деңгээли, бир дагы формасы чыныгы акыркы же аякточу болуп эсептелбейт”.
Бүгүнкү күндө педагогикалык илимдин жана практиканын алдынкы планында билим берүүдөгү бүтүндөй бардык формалардын ийгиликтүүлүгүн аныктай турчу чечимдерди алып келе турчу бир катар алдынкы көйгөйлөр турат. Алардын алдынкыларынын бири болуп билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо боюнча билим берүү мекемелеринин өз ара катышын изилдөөгө арналган илимий-педагогикалык изилдөө комплексин өткөрүү көйгөйү саналат.
Педагогикалык илимдин алдында илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз билим берүүнүнүн түптөлүүсүн жана өнүгүүсүн илимий жактан негиздөө жолдорун иштеп чыгууда келип чыккан бардык педагогикалык жана дидактикалык комплексин чечүүгө багыттандыруу маселеси турат. Үзгүлтүксүз билим берүү системасындагы адистин жекече маанилүү адискөйлүк сапаттарын өнүктүрүү боюнча билим берүү процессинин таасирдүүлүгүнүн териялык негизин төмөнкү окумуштуулардын эмгектери аныктайт:
- жалпы жана кесиптик билим берүү тамагында - А.А. Вербицкий, В.В. Давыдов, И.Я. Лернер, В. Оконь ж.б..;
- педагогикалык психология тармагында - Л.С. Выготский, П.Я. Гальперин, С.Д. Смирнов, В.А. Якунин ж.б.;
- кесиптик билим берүү системасын педагогикалык долбоорлоо жана калыптандыруу тармагында - В.П. Беспалько, Э.Ф. Зеер, В.А.Жуков;
- үгүлтүксүз билим берүү тармагында - Б.С. Гершунский, З.Г. Онушкин, В.Г. Осипов, Е.И. Огарёв, М.И. Махмутов;
Акыркы авторлордун эмгектери инсандык жеке потенциалдын өнүгүшүндөгү салмактуулук, үзгүлтүксүздүк, интегративдүүлүк, улантуучулук, өзүнчө билим алуучулук идеяларына ылайык келген принциптердин тандалмасын аныктады.
Үзгүлтүксүз билим берүү – бул өзүнчө билим берүү мекемелеринин тандалган бирикмеси эмес,өз ара тыгыз байланыштагы, бирин бири шарттаган билим берүү звенолорунун жыйындысы, жана алардын бирөөсүндө болгон өзгөрүү сөзсүз түрдө бардыгына таасирин тийгизери талашсыз.
Кыргызстандагы билим берүү системасы:
- орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн улантуучу кесиптик билим берүү программаларынан жыйындысы;
- орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүчү окуу жайларынын жана уюмдарынын өз ара карым-катташкан түйүнү;
- педагогикалык билим берүүнү башкаруунун регионалдык системасы.
Бул өзгөчөлүктөр аны үзгүлтүксүз билим берүү системасы деп деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу көпчүлүк орто кесиптик билим берүү жайларын “Колледж-ЖОЖ” билим берүү комплекстерине киргизип, жана аларды үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү тепкичтеринин бири катары кароо тенденциясы белгиленди.
Ошондуктан, колледждер менен бирге орто кесиптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча жаңы тенденциялардын катарына, билим берүүнүн түрдүү баскычтарын басып өтүүнү сактоону жана инсандын билим берүү мейкиндигинде этап-этабы менен билим алуусун жактырган билим берүүнүн үзгүлтүксүздүк идеясын жайылтууга киргизсе болот.
“Колледж-ЖОЖ” системасындагы үзгүлтүксүз даярдоо төмөнкү учурларда таасирдүү болот, эгер:
- колледжде жана ЖОЖдо билим берүү процессинин түзүлүшүнүн негизинде окутуунун өзүнчө этаптары менен окуу дисциплиналарынын ортосундагы бирин-бири улантуусун камсыздоочу окутуунун көп компоненттүүлүгүгү коюлса;
- адисти даярдоо процесси колледж менен ЖОЖдун өз ара катышын ишке ашыруу боюнча иштелип чыккан билим берүү программасынын негизинде жүзөгө ашса;
- колледжде жана ЖОЖдогу билим берүү процессин окуу-методикалык жактан камсыздоонун биримдиги ишке ашырылса;
- жаңы технологиялардын дидактикалык потенциалы колдонулса.
Түрдүү деңгээлдеги жана типтеги окуу жайларынын, илимий уюмдардын, өндүрүштүк жана башка бөлүктөрдүн ири бирикмелери сыяктуу комплекстер кадрларды даярдоодо, илимий изилдөөлөрдү аткарууда, өндүрүштү жаңылаштырууда, социалдык-маданий инфраструктураны өнүктүрүүдө улантуучулук жана сапатты жакшыртуу маселелерин чечүүгө жөндөмдүү.
IV. Сунушталган технологиялардын мазмуну (практикалык жактан жайылтуу).
2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз республикасындагы билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында кесиптик билим берүүнүн таасирдүүлүгүн жогорулатуу жана кесиптик билим берүүнүн ачык системасына бир кыйла активдүү киришүү маселелери көрсөтүлгөн.
Билим берүүнүн таасирдүүлүгүнүн негизги критериялары болуп жеткиликтүүлүк, үзгүлтүксүздүк, инвестициялык кызыктыруучулук, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы талаптуулугу. Үзгүлтүксүз кесиптик билим катары рынок экономика шарттарына ийкемдүү боло алган адистин системалык калыптануу жана жакшыруу жашоо процесси катары түшүнүүгө болот.
Үзгүлтүксүз билим берүү идеясынын баалуулугу жашоо жолунун траекториясын жекече эркин тандоо философиясы менен, билим берүүнүн предметтик-мазмун жагынан өзгөрмөлүүлүгү менен, өзүнө-өзү кесипти эркин тандоого багыт алуу менен да аныкталат.
Кесиптик билим берүү чөйрөсүнүн өнүгүүсүндөгү жаңы тенденциялардын катарына “колледж-ЖОЖ” системасында үзгүлтүксүз адискөйдү даярдоо кирет. Жана ушуну менен билим берүү комплекстерин – кадрларды даярдоо сапатын жана улантуучулук маселелерин чечүүчү түрдүү типтеги жана денгээлдеги окуу жайларын түзүү шартталган.
Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнү интеграциялоонун так ушундай модели ИТЭК – ЭИТУ билим берүү комплекстеринде көрсөтүлгөн.
Ушул билим берүү комплексин уюштуруу жана түзүү төмөнкү максаттарды аркалады:
- интеллектуалдык, материалдык, экономикалык, билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрдү студенттерди окутуу жана тарбиялоо процесстерин бир кыйла терең жана таасирдүү жакшыртуу негиздери катары бириктирүү;
- студенттердин билимдик, экономикалык, социалдык, маданий, рыноктук чөйрөгө бир кыйла тереңирээк бирдиктүү ийкемделүүсү үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
- окутуу процессинин жана жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоонун таасирдүүлүгү менен натыйжалуулугун жогорулатуу;
- студенттерди окутуу үчүн илимий потенциалды, жогорку квалификациядагы прфессордук-окутуучулук кадрлардын мүмкүнчүлүгүн бириктирүү;
- адистерди даярдоодо материалдык, маалыматтык, окуу, методикалык, тарбиялык, илимий, интеллектуалдык ресурстарды синергетикалык колдонуу таасирдүүлүгүн жогорулатуу;
- жогорку жана орто кесиптик билим алуу үчүн түрдүү деңгээлдеги билим берүү программаларынын өз ара катышынын негизинде үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү.
Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи – үзгүлтүксүз экономикалык жана прфессионалдык билим берүү келечектүү системасынын органикалык звеносу.
2007-жылы колледжди ачуу, биринчиден орто звенодогу квалификациялуу кадрларга болгон талаптын өсүп жатышы болсо, экинчи жагынан, - баштапкы кесиптик багытка, студенттердин фундаменталдык билими менен тажрыйбалык көндүмдөрүнүн айкалышына жана окуу процессиндеги жаңы ыкмаларды, маалымат технологияларын активдүү пайдаланууга негизделген үзгүлтүксүз техникалык, экономикалык билим берүү сапатын жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруудагы жаны кадамга байланыштуу пайда болгон.
Мындай стратегия эки жактуу маселени чечүүгө багытталган – рынок талаптарын жана азыркы заманга ылайык студенттердин билимге болгон муктаждыктарын, өзүн-өзү өнүктүрүүсүн жана социалдык жактан ишке ашуусун канааттандыруу.
2004-жылы жогорку кесиптик билими бар адистерди даярдоочу Эл аралык инновациялык технологиялар университети түзүлдү. Жана, ошондо эле дисциплиналарды окутууда бирдей булактар пайдалана тургандай кылып окуу программалары түзүлгөн.
Ошондуктан бул окуу жайлары үчүн жалпы материалдык база түзүлөт: китепкана, компьютердик класстар, бирдиктүү сервер, Wi-fi, спортзал жана көңүл ачуу аянтчалары. Мындай мамиле окуу ресурстарынын жаңы жетишкендиктерин топтоого мүмкүндүк берди. Ошону менен, “Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи” жана “Эл аралык инновациялык технологиялар университети” комплекси – үзгүлтүксүз билим берүү системасында жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо боюнча иш алып баруучу, мамлекеттик эмес билим берүү мекемеси болуп калды.
Азыркы учурда ИТЭК – ЭИТУ – үзгүлтүксүз билим берүү комплексинин модели төмөнкүчө көрсөтүлөт:
“Колледж-ЖОЖ” системасында үзгүлтүксүз билим берүү
“Колледж – ЖОЖ” комплексиндеги үзгүлтүксүз билим берүү моделинен колледжде жана университетте даярдоонун бирдиктүү стратегиясы көрүнүп турат.
Колледждин бүтүрүүчүсү орто кесиптик билим алуу менен башка абитуриеттердин алдында университетке тапшырууда жана жогорку билим алууда бир топ артыкчылыкка ээ болот.
Көп кырдуу билим берүү комплексиндеги колледж жана университет адистиктеринин өз ара байланышы.
Колледждеги адистиктер |
Институттагы адистиктер |
Салыктар жана салык салуу |
Экономика ( II жана III курстарга) |
Финансы (тармактар боюнча) |
Экономика ( II жана III курстарга) |
Товар таануу жана товарлардын сапатын эксперттөө |
Экономика ( II жана III курстарга) |
Техникалык тейлөө жана автотранспорт ремонту |
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү |
Техникалык тейлөө жана радиотехника ремонту |
Маалымат системалары жана технологиялары – (II жана III курстарга) |
Электрокаржылоо |
Электроэнергетика жана электротехника – (II жана III курстарга) |
Үйлөрдүн жана имараттардын курулушу |
Курулуш - ( II жана III курстарга) |
Мейманкана сервиси |
Уюмдун менеджменти (теңдөө планы боюнча) – (III курстарга);
|
Реклама |
Уюмдун менеджменти (теңдөө планы боюнча) – (III курстарга);
|
Тигилүүчү буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо |
Жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы – (II жана III курстарга). |
Адистерди даярдоонун бирдиктүү стратегиясына ылайык орто кесиптик окуу жайында жана жогорку окуу жайында теңдөө планы, дисциплиналардын тизмегин, сааттардын көлөмүн жана дисциплиналарды тапшыруу үчүн жыйынтыктоо аттестациясынын түрү түзүлөт.
Ошентип, “колледж-ЖОЖ” комплексинде адистерди даярдоонун мүнөздүү белгилери болуп:
- колледждеги окуу дисциплиналарынын тизмеси жана көлөмүнүн жогорку окуу жай стандарттарына туура келиши;
- ЖОЖдо жана колледжде адистерди даярдоодо бирдиктүү стратегиянын болушу;
- адистерди окутуунун бардык деңгээлинде долбоорлук, конструкторлук жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүккө даярдоо;
- дисциплиналарды окутуу илимий даражасы жана наамы бар, комплекстин түзүмдүк бөлүктөрүндө туруктуу иштешкен адистер тарабынан жүргүзүлөт.
Андан тышкары, билим берүү комплексинин зор өзгөчөлүгү болуп – колледждин жана ЖОЖдун студенттери үчүн жагымдуу болгон билим - тарбиялык, моралдык-психологиялык таза климатты - бирдиктүү гуманитардык чөйрөнү түзүү үчүн болгон мүмкүндүк саналат.
V. Долбоордун жыйынтыгын потенциалдуу колдонуучулар
Үзгүлтүксүз билим берүү – бул инсанды калыптандыруу принциби. Бул, адам өмүр бою же билим берүү жайларында окуйт, же өзүн-өзү окутуу менен алектенет дегенди түшүндүрөт. Билим берүү мейкиндигинде адам кыймылынын 3 вектору болушу мүмкүн:
- “алдыга карай жылуу вектору” – адам бир эле билим денгээлинде калуу менен өзүнүн профессионалдык чеберчилигин жогорулатат;
- “туураны көздөй жылуу вектору” – билим профилин өзгөртүү;
- “жогору карай жылуу вектору” (же өнүгүү вектору) – адам билимдин тепкичи жана деңгээли боюнча ырааттуу түрдө алдыга жылат.
“Колледж-ЖОЖ” системасында үзгүлтүксүз билим берүү кесиптик билим берүүнүн тепкичтери боюнча жылууну жактырат: колледжде орто кесиптик билим алуу менен студент жогорку билим берүү программасына киришет. Ошентип, долбоордун натыйжаларын потенциалдуу пайдалануучулар болуп колледждин студенттери эсептелет.
VI. Долбоорду ишке ашыруу планы
1. Долбоорду ишке ашыруу этаптары.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2007-ж. сентябрь – 2015-ж. июнь.
“Колледж-ЖОЖ” системасында үзгүлтүксүз билим берүүнү жүзөгө ашыруучу билим берүү комплексинин моделин жакшыртуу, - бир нече этаптан турган дээрлик узак жана татаал процесс:
I этап – аналитикалык–даярдоо(2007-2009 окуу жылы).
Бул этапта маалымат чогултуу жүргүзүлүп, үзгүлтүксүз билим берүү көйгөйлөрү боюнча илимий-педагогикалык изилдөөлөр анализделет, (ИТЭК) - Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи менен (ЭИТУ) – Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин өнүгүүсү изилденет.
Андан тышкары, көйгөйлөр аныкталып жана анализделет, көйгөйлөрдү ишке ашырууга байланышкан бардык кырдаалдар ачык билинет; долбоордун концептуалдык негиздери аныкталып, долбоордун темасы боюнча иштелип чыккан жана долбоорду ишке ашыруу боюнча белгиленген маселелер менен теориялык жоболор ортосундагы байланыш такталат.
II этап – долбоорлук-изилдөөчүлүк (2009-2012 окуу жылы).
Долбоорлук-изилдөөчүлүк этабы төмөнкү өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт:
- көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды издөө жүзөгө ашырылат;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн ар түрдүү альтернативдик жолдору изилдеп табылат;
- жумушчу гипотезалар иштелип чыгат, бирок, тажрыйбалык жактан таасирлүүсү гана жактырылат;
- себептер, факторлор, көз карандуулуктар анализденет;
- изилдөө методикасын тандоо жүргүзүлөт;
- материалды тандоо жана түзүмдөштүрүү;
- изилдөөлөр аткарылып, аны менен бирге милдеттери чечилет;
- болжолдуу, такталган жана жыйынтыкталган долбоорду аткаруу;
- алынган маалыматтарды анализдөө, синтездөө жана жалпылоо.
III этап – натыйжалык (2003-2015-окуу жылы).
Бул этапта, көйгөйлөрдүү чечүүнүн рационалдуу жолдорун тандоону жүргүзүү пландаштырылат; тандоону төмөнкү критерийлер боюнча ишке ашыруу:
- чечимдерди аткаруу;
- долбоордогу коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү;
- алынган жыйынтыктарды жалпылоо, маалыматтарды топтоо;
- долбоордун катышуучулары тарабынан алынган же киргизилген актуалдуу маалыматтарды ишке киргизүү;
- долбоордо коюлган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон инновайияларды же педагогикалык технологияларды апробациялоо;
- долбоордун максаттарына жетишүү алкагында окуу процессин маалыматтык жана методикалык жактан жакшыртуу;
- алынган натыйжалар менен канааттануу деңгээлин аныктоо.
Андан тышкары, педагогикалык коллектив алдында долбоордун бардык жыйынтыктарын көрсөтүп берүү формасын тандоо, алынган жыйынтыкты талкуулоо, коюлган максаттардын жана жетишкен жыйынтыктардын ылайык келишин анализдөө зарыл; топтун долбоор үстүндө иштөө жөнүндөгү ой жүгүртүүсүн жүзөгө ашыруу.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы күтүлүүчү натыйжалар:
- үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү концепцияларынын негизги принциптерин ишке ашыруучу билим берүү комплексинин таасирдүү модели:
· ийкемдүүлүк;
· көп кырдуулук;
· жеткиликтүүлүк;
· таасирдүүлүк;
· сапат.
- Эмгек рыногунун таламдарына тез таасирденген көп кырдуу билим берүү жайларынын түрдүү тепкичтеринде интеграцияланган кесиптик программаларды ишке ашыруунун уюшулган жана технологиялык жактан аныкталган механизми;
- Өзгөрүп турган рынок шартына ийкемледе алган, ар дайым окуп өнүгүүгө даяр турган келечектеги адистин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын калыптандыруу аспектинде “Колледж-ЖОЖ” үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасындагы билим берүү процессин жакшыртуу боюнча жолдомолорду иштеп чыгуу .
Долбоор, ушул долбоорду аткаруунун актуалдуулугун жана максаттуулугун ачып берген, үзгүлтүксүз билим берүү маселесинин концептуалдык негиздерин жана билим берүү комплексинде “колледж-ЖОЖ” системасына үзгүлтүксүз билим берүүнү тажрыйбалык жактан жайылтуу этаптарын көрсөтүүнү камтыган бөлүктөрдөн турат. Долбоор, долбоорду ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжаларды гана карабастан, төмөнкүлөргө да багытталган:
3. Долбоордун андан ары өнүгүүсү.
Билим берүүнүн бүгүнкү күндөгү актуалдаштырылып, Болон процесси менен идентификацияланып жаткан үзгүлтүксүздүгү кесиптик билим берүүнүн алмашкыс принциби болуп саналат.
Комплекстин функционалдашуу тажрыйбасы: Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи – Эл аралык инновациялык технологиялар университети – билим берүү комплекстери – билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн ишке ашыруунун маанилүү формасы экенин далилдейт.
Ошол эле учурда, үзгүлтүксүз билим берүү, түзүлгөн долбоор андан ары өнүгүүгө ээ болушу керек деп далилдеп жаткан колледжде жана ЖОЖдогу кесиптик билим берүүнүн өтмө программаларын иштеп чыгууда бир кыйла так жана жоопкерчиликтүү өтмөлүктү талап кылат.
Андан тышкары, “колледж-ЖОЖ” системасындагы билим берүү процессин андан ары жакшыртуу илимдин жетишкендиктерин окуу процессине көбүрөөк тартууну, окуу процессин маалыматташтырууну улантууну, эмгек рыногунда бир кыйла талап кылынган адистиктердин тизмегин кеңейтүүнү милдеттендирет.
Келечекте чет элдик окуу жайлары менен интеграция жолдорун издөө жана “колледж-ЖОЖ” билим берүү комплексинин статусун жогорулатуу үчүн болгон зарылчылыктарды жасоо пландаштырылууда.