Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Конституцияны өзгөртүүгө каршы өткөн митинг тууралуу Д. Нарымбаевдин кабары жок экен
Кечээ, 24-июнда Ак үйдүн алдында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Алар митингди «Текебаев, Кулов, Турсунбеков, Нарымбаев Конституциядан колуңарды таркыла» деген ураан менен өткөрүшкөн. Ал эми бул боюнча президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев эч нерсе айта албай турганын TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди. Ал митинг тууралуу кабары жок экенин айтты.
«Бул маселе мыйзамга айланса, ал президенттин кол коюсуна келип түшөт. Ошондуктан, азыртадан карама-каршылык болбош үчүн көп жагдайларды эске алуу менен «чогу карабайлыбы», - деп сунуштаган. Ошон үчүн чогу кеңешип иш кылганбыз. Айрым учурларда биз эл аралык тажрыйба боюнча, башка мамлекеттердин Конституциясы боюнча материал издеп, топтоп жардам бергенбиз. Ошондуктан бул маселе боюнча адам укуктары комитети карап чыкканда, өз ыктыярым менен Феликс Шаршенбаевичтин жанына отуруп угуп көрдүм. Керек болгон учурда жардам берейин деген максат менен бардым. Мага тиешелүү сөз айтылып калганда, ага жооп берүүгө аракеттендим. Конституцияны өзгөртүү боюнча президент депуттар туура деп тапса анда колдойм деген. Депутаттар беш жыл ичинде чоң тажрыйба топтогонун белгилеген», - дейт Д. Нарымбаев.