Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Кооперация» үчүн Бүтүн Кыргызстандын Эмгекчилери биригүүдө/ Чүй, Александровка, Садовое/
Чүй облусунун шайлоочулары «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын экономикалык долбоорлору үчүн. Москва районуна караштуу Александровка, Садовое айылдарынын тургундары Аскар Салымбековду урмат сый менен тосуп алышты.
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Чүй өрөөнүндө жайгашкан айыл аймактарынын дыйкандары менен жолугушуп, партиянын экономикалык программасына негизделген долбоорлору менен тааныштырды. Кыргызстандын айыл чарбасы бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербей келет. Ири колхоз, совхоздор таландыга учурап, майда чарбачылыктарга ажырап кеткен. Партиянын экономикалык долбоорлору кайра дыйкандардын башын кооперативдик союздарга бириктирүүнү көздөйт. Ар ким өз алдынча жашап кете албасын бүгүнкү күн тастыктап олтурганын партия да дыйкандар да айтып олтурушат. Өндүргөн айыл чарба азыктары же чирип кетүүгө, же ортомчулардын шылуундугуна кабыл болууда. Ошол эле сүт, эт, жашылча, жер жемиштер кардарларга жеткенче он жолу сатылып, он жолу баа көтөрүлөт.
Бул дыйкандардын эмгек акысын актабай, элдин тамак аш муктаждыктары тиешелүү деңгээлде канааттандырбай келет. Өлкөнүн рыногун экспорттолгон товар каптаган. Ал эми ата мекен өндүрүүчүлөрү унутта калып бараткандай. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын «Кооперациялык союз» долбоору бул олуттуу жат көрүнүштөрдү жокко чыгарып, адамдык ресурс менен эмгекти баалоого алып келет. Аскар Салымбековдун кооперация долбоору Александровкалык, Садовое дыйкандарынын мүдөөлөрүнө төп келип, кубаттоо таап жатты. Чүй облусу өлкөнүн байка облустарына караганда калкынын санынын көптүгү менен айрымалат. Алдын ала маатыматтар боюнча жарым миллионго жакын шайлоочусу бар.
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы дагы бүтүндөй Сары Өзөн Чүйдү кыдырып, дыйкандарга кооперация тууралуу агрардык саясатты эмнеден баштоо керектигин түшүндүрүп келет. Кооперацияны жандантуу үчүн мыйзамдарды жаңылап, оңдоп түзөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы турат. Партия лидерлери бул мүчүлүштүктөрдү парламентте чечүүгө мүмкүн экендиктерин айтышууда. Андыктан ким кооперация үчүн болсо, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясын тандап алуусу шарт.
Ушуга байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» парламентте жеңишке келе турган партиялардан деген пикирде Чүй өрөөнүнүн дыйкандары. Алар шайлоодо партияга ийгиликтерди каалап, бир добуштан колдой тургандыктарын ишенимдүү билдиришти.
Жыйындын соңунда шайлоочулар «Бүтүн Кыргызстан Эмгекке» жеңиш!» деп бир ооздон кубаттап жатышты.