Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
КТРКнын башкы директорлугуна үч талапкер документтерин толук бербегендиктен кийинки турга катыша алышпайт
Кечээ, 10-мартта КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлердин документтери каралып, Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү талапкер менен маек жүргүздү. Бул тууралуу КТРКнын басма сөз кызматы билдирди
Жыйынтыгында үч талапкер - Абдухалил Ахматов, Өмүрали Арзыкулов жана Сталбек Дүйшалиев өтпөй калышты.
Алар документтерин да толук берген эмес.
Конкурстук тандоонун биринчи этабынан Бөлөкбай Шеримбеков, Алмаз Сапаров, Сюита Соурбаева, Кубанычбек Эсенбаев, Аскат Алагөзов, Тимур Саралаев, Илим Карыпбеков, Кадыр Кошалиев, Ишен Айтмамбетов жана Жээналы Камбаралиев өттү.
Талапкерлер 19-мартта боло турган сынакка катышат.
КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлердин арызын кабыл алуу кечээ, 10-мартта токтоду. Жалпысынан 13 адам КТРКнын Байкоочу кеңешине документтерин тапшырган.