0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    КТРКнын башкы директору кандай болуш керек?

    КТРКнын башкы директору кандай болуш керек?
    09 02 2015 11:46

    6-февралда КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов жумуштан өз калоосу менен бошотууга жазган арызын Байкоочу кеңеш канааттандырган. Аталган кызматка убактылуу милдетти аткаруучу болуп Илим Карыпбеков дайындалды. Бул тууралуу коом арасында кызуу талкуу жүрүп жатат. TOPNEWS.KG маалымат порталы журналистика чөйрөсүндө эмгектенгендерден “КТРКнын башкы директору кандай болуш керек?”, - деген суроонун негизинде суражылоо жүргүздү.

    Дайырбек Орунбеков, “maalymat.kg” сайтынын башкы редактору: “КТРКнын жамааты Султан Жумагуловду дайындап атканда да ѳздѳрүнүн кадрын сунуштай албай калышкан”

    -Азыр, Байкоочу кеңеш деп алар аркылуу бийлик ѳздѳрүнѳ ыңгайлуу кѳз каранды жетекчини алып келип алышууда. Байкоочу кеңеш качан эле калыстыктан кетип калган. Алар да кѳз каранды экенин кѳрсѳтүп коюшту. Мисалы, КТРКнын жамааты Султан Жумагуловду дайындап атканда да ѳздѳрүнүн кадрын сунуштай албай калышкан. Мен билгенден КТРКга жамаат Бактияр Алиевдин жетекчи болушун каалашат. Бул жолу да алар Бактияр Алиевди алып келүүгѳ кызыктар. Бирок, чечим КТРКнын жамааты каалагандай болбойт. Чечимди кѳз каранды Байкоочу кеңеш чыгарат.

    Тимур Саралаев, “bpost.kg” сайтынын башкы редактору: “КТРКга кандай жетекчи келбесин бийликтин камчысын чабат”

    -КТРКнын директору албетте ачык болуш керек.  Учурдагы ЭлТРдин, өткөндөгү КТРКнын жетекчилериндей болбой. Ачык-айкын, айрым учурларда сын пикир айткан адамдарды кара тизмеге киргизбей, ак-үй менен көк-үйгө кошоматтан алыс болгон, буйрутмалардын баарын эле аткара бербестен, телеберүүнү өнүктүрүү жолдорун кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртууну да ойлогон адам болсо жакшы болмок. Мунун баары кыял да, ошондуктан мен өзгөрүү болуп кетет деп ойлобойм, кандай адам келбесин, ал бийликтин камчысын чабат.

    Жакшылык Бердибек уулу, "Жаш журналистер" кыймылынын теңтөрагасы: “КТРКнын башчысы бир гана чыгармачыл, мыкты журналист эмес, биринчи кезекте уюштургуч болуш керек”

    -КТРКнын башкы директору абдан маанилүү кызмат орун болуп эсептелет. Азыркы заманда ким биринчи маалыматка ээ болсо ошол жеңишке жетишкен заман. Согуштун 95 пайызы маалымат аркылуу, 5 гана пайызы курал менен болуп калды. Ушуга байланыштуу биздин мамлекет дагы маалыматтык коопсуздукту камсыздашыбыз зарыл. Бирок, бизде андай коопсуздук жок, аны Ош окуясында далилдеп койдук. Айтайын дегеним КТРКнын башчысы бир гана чыгармачыл, мыкты журналист эмес, биринчи кезекте уюштургуч (менеджер), эл аралык жаңы теле тармагындагы технологияларды түшүнгөн адам болушу керек. Башкы директор коомдогу маалыматтарды элге так, ыкчам жеткирүүдө уюштуруу иштерин өз колуна алып, оппозиция дагы бийлик дагы таарынбай турган, эң башкысы эл нааразы болбой тургандай иш алып барышы зарыл. Азыр КТКРга келген кандай гана мыкты кадр болбосун ал бийликтин камчысын чабат жана ал директор акыр аягында элге жаман атты болуп кызматынан кетет деген түшүнүк калыптанып калган. Мен буга кошула албайм, эгер башкы директор иштин көзүн билсе, бийлик канчалык тоскоол болсо дагы бир ууч эмес көпчүлүк элдин кызыкчылыгын көздөсө ал колдоого гана алынат, иши коомчулук тарабынан бааланат. КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарып жаткан Илим Карыпбеков бул кызматтын майын чыгара аткарат деп айтсам болот. Себеби, ал киши журналистикалык этиканы жана юридкалык нормаларды мыкты билет, эң негизгиси менеджерлик тажрыйбасы мол.

    Мирбек Мырзакматов, “Обон” гезитинин башкы редактору: “Ким жетекчиликке келсе дагы элдин ишенимин актаган, өзүнүн жеке көз карашы бар адам болууга тийиш”

    -Жеке пикиримде экс-директор Султан Жумагулов жанагыдай иштерди жасабаса керек. Болгону кээ бир чагымчылардын, ушакчылардын кебине кабылып калды го. Чыны менен тажрыйбасы бар болуп, иштин көзүн билгени үчүн КТРКга жетекчи болду да. КТРК улуттун жүзү башкы каналы деп айтылгандыктан ошол атка татыктуу болуп, аны булгабаш керек деп ойлойм. Ким жетекчиликке келсе дагы элдин ишенимин актаган, өзүнүн жеке көз карашы бар адам болууга тийиш.

    Данияр Өсөров, журналист: “КТРКнын жетекчиси өкмөт, президенттик аппараттан көз карандысыз иш алып барышы керек”

    -Менин оюмча КТРК коомдук канал болгондон кийин өкмөт, президенттик аппараттан көз карандысыз иш алып барган, коомдун көйгөлүү социалдык, экономикалык көйгөйлөрүн чагылдырууга басым жасаган жетекчи болушу керек деп ойлойм. Бирок албетте, КТРК өкмөттөн каржыланып жаткандан кийин, өлкөдөгү бардык региондорго жалпы чагылдыруучу медиа курал болгондон улам анын жетекчиси, канал алып барган ички саясат ар дайым бийликтин көзөмөлүндө болмокчу. Бул бир чети мамлекеттик коопсуздук жаатын алып караганда туура иш, бирок ошол эле маалда, каналдын жетекчиси кандайдыр бир денгээлде көз карандысыздыкка ээлик кылып, көп учурда саясий темалардан оолак болуп, социалдык маселелерди камтыган, эл менен бийлик ортосундагы көпүрө болуусу шарт. Андан сырткары, албетте, КТРК жетекчиси коллектив арасында кадыр-баркка ээ, телевидение жаатында мол тажрыйбага бай, мыкты кесипкөй жана мыкты менеджер (уюштургуч) болуусу керек деген ойдомун.

    Жылдыз Мусабекова, эркин журналист: “КТРКнын ичинен чыккан жетекчилерди көрүп эле жүрөбүз алардын башы интригадан чыкпайт”

    -Азыркы учурда КТРКнын башкы директору корпорациянын ичинде кайнаган киши болуш керек деген сөздөр айтылып жатат. Менин оюмча КТРКга иш билги менеджер жетекчи керек. Долбоорлорду жазып, ишке ашырган мыкты менеджерлер жетишпей жатат. КТРКнын ичинен чыккан жетекчилерди көрүп эле жүрөбүз алардын башы интригадан чыкпайт. Башкы директор тил билген, креативдүү ой жүгүрткөн, калыс баарына текши караган инсан болушу зарыл.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *