Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
КТРКнын башкы директорун тандоо сынагынын 2-турунда 10 талапкер өттү
31 10 2014 17:26
КТРКнын башкы директорун тандоо сынагынын 2-турунан 10 талапкер өттү. Бул тууралуу корпорациянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, 3-турда катышуучулар менен пикир алмашуу болуп, КТРКны өнүктүрүү боюнча ар биринин көз карашы, ой-пикири угулат. Байкоочу кеңеш сынактын 4-турунда добуш берет.
Аталган кызматка талапкерлер: Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Усөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев, Султан Жумагулов, Назаркул Жоошбаев.
Мурдагы Башкы директор Кубат Оторбаев 24-июлда Байкоочу кеңешке 1-августтан баштап өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берип, арызы канааттандырылган.
Учурда КТРКнын Башкы директорунун милдетин Султан Жумагулов аткарууда.