Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
КТРКнын башкы директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Илим Карыпбеков шайланды
Бүгүн, 6-февралда КТРКнын башкы директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Илим Карыпбеков шайланды. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган корпорациянын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Фархад Бекмамбетов билдирди. Анын айтымында, Байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов жумуштан өз калоосу менен бошотууга жазган арызын канааттандырды.
Султан Жумагуловду тууралуу Азия ньюс” гезитине “КТРК башчысы ичип алып, Монголиядан концерт койгонбу?”, - деген макала чыккан эле. Бирок Фархад Бекмамбетовдун айтымында, ал макала Султан Жумагуловдун кызматтан кетишине түрткү болгон эмес. Такталбаган макала экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков "Де-факто" гезитинин кожоюну, "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалынын директору, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы.