Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Куралдуу инциденттен курман болгон улук лейтенанттын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү
Куралдуу инциденттин кесепетинен курман болгон улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө, ошондой эле жарат алган чек арачыларга материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 17-январда Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын «Айкөл» чек ара заставасынын 16-январдагы окуянын кесепетинен кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жана жабыр тарткан аскер кызматчыларына материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан каражат бөлүндү.
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, курман болгон улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом, ал эми жарат алган лейтенант Нуркелди Осмоновго жана катардагы жоокер Сагынбай уулу Жаныбайга 50 миң сомдон бөлүндү.