Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмеси Т. Салимовдун мандатын өткөрүп алуу боюнча кайрылуу жасашты
“Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмеси соцалдык тармак аркылуу ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековго жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жасашкан.
Кайрылууда ЖКнын депутаты Турсунтай Салимовдун мандатын өткөрүп алышын талап кылышкан.
Бул кайрылуу боюнча, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков TOPNEWS.KG маалымат порталына бул иш боюнча, текшерүү жүрүп жатканын билдирди. “Эгерде чын боло турган болсо анда Турсунтай Салимовдун мандатын өткөрүп алабыз. Калп болуп Салимов айткандай милиция кызматкерлери кимдир бирөөлөрдүн буйругун аткарып жатышса, анда милициялар жооп берет”, - дейт ал.
27-январда Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, сойкукананын иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов бул жай анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун айтып чыккан.