Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Кыргыз тил илими: азыркы абалы жана келечеги» аттуу конференция өтөт
17 09 2014 15:06
Эртең УИАнын Тил жана адабият институту «Кыргыз тил илими: азыркы абалы жана келечеги» деген аталыштагы илимий-практикалык конференция уюштурулат. Бул тууралуу академиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына жана мамлекеттик тил күнүнө арналат. Конференцияда кыргыз тилинин тарыхый грамматикасы, академиялык грамматикасын жазуу, кыргыз тилинин диалектологиясын изилдөө, кыргыз тилинин илимий жаңы тармагы болгон когнитивдик-лингвистикалык негизинде изилдөөлөр боюнча маселелер каралат.