0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 20 жыл

    Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 20 жыл
    28 04 2016 09:47

    2016-жылдын 29-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдык мааракеси өтөт. Иш-чарага бир топ маанилүү коноктордун келиши күтүлүүдө. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ММК жана Коомчулук менен байланыш бюросу.

    Кыргыз-Түрк «Манас» университети тууралуу кыскача маалымат:

    Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөрү тарабынан кол коюлган «Кыргыз-Түрк «Манас» университетин куруу жөнүндөгү» келишимдин негизинде курулган. 1997-1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.

    Университет эки тараптуу келишимдин негизинде курулган жана өзгөчө статуска ээ күндүзгү жогорку билим берүүчү окуу жай болуп саналат. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим берүү акысыз жана кыргыз, түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Университет тарабынан берилген диплом эки мамлекет үчүн тең жарактуу болуп эсептелет.

    Университеттин миссиясы - Кыргызстан, Түркия жана башка түрк элдеринин жаштарынын бирге билим алышын, биргелешип иштешин, университеттин дүйнөлүк илимге өз салымын кошушун камсыз кылып, түрк цивилизациясынын ренессансына колдоо көрсөтүү, заманбап университет моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандартын колдонуп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына үлгү болгудай университеттин системасын куруу, дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы топто жүрүү жана элге керектүү жогорку билимдүү адистерди тарбиялап чыгаруу.

    2011-2012 – окуу жылында Университеттеги факультеттердин саны 9, жогорку мектептердин саны 4, кесиптик жогорку мектептердин саны 1 ге жетти.

    Университет 2015-2016-окуу жылында XIV бүтүрүүчүлөрүн уядан учурганы турат. Учурда бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнөнүн 32 мамлекетинде иштеп, эмгектенип жүрүшөт.

    Университетте заманбап окуу имараттары, китепкана, жатакана, алдыңкы технологиялык лабораториялар жана  өзүнүн басмаканасы бар, студенттерге медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлүп, студенттик борбор, клубдар, жатакана, психологиялык жактан көмөк көрсөтүү борборлору, психикалык абалды чыңдоо кызматтары, багыттандыруу программасы, китепкана, ашкана, спорт залдар менен камсыз болуп көптөгөн шарттар түзүлгөн. Университет ичинде спорттук иш-чаралар, маданий жана көркөм өнөр иш-чаралары өткөрүлүп турат.

    Бүгүн окуу жайыбызда эң мыкты окутуучулар иштейт, ушул тапта Түркиянын 6 алдыңкы университетинен окутуучулар тандалып келип, студенттерге билим беришүүдө. Университетте эл аралык илимий жыйындар, конгресс, симпозиум, конференция жана лекциялар өтүп турат.

    Кыргыз-Түрк «Манас» университети эл аралык мекеме, уюм, эл аралык жогорку окуу жайлары менен студенттер жана академиялык кызматкерлерди алмашуу, практика, академиялык кызматкерлерди даярдоо, орток долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык иштерин жүргүзүп келет. Учурда Эл аралык кызматташуу Түркия, Россия, Япония, АКШ, Кытай, Франция, Англия, Кипр, Индия, Казакстан, Монголия, Кыргызстандын ичиндеги университеттер ортосунда түзүлгөн 52 келишими бар. Ошондой эле университетибиз медиа каражаттары аркылуу таанылууга өзгөчө маани берет. Буга байланыштуу университетибиздин таанытуу иштери Манас FM радиосу, улуттук жана эл аралык медиа тармактарында Түркиядагы ТРТ, улуттук жана жергиликтүү каналдар аркылуу теле-программаларга катышып, медиа кабарларын жарыялап келет.

    Бул иш-чара менен катар эле, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин демилгеси менен Борбордук Азия мамлекеттеринин университеттеринин Ассоциациясынын курулушу тууралуу Декларацияга кол коюлат. Бул Ассоциациянын мүчөлүгүнө Европа жана Азиянын 11 мамлекетинин 22 жогорку окуу жайы  макулдугун берди. Декларацияга кол коюу аземи КТМУнун Ч. Айматов атындагы студенттик шаарчасындагы Окумуштуулар кеӊешинин залында 2016-жылдын 29-апрель күнү саат 11:00дө кол коюлат.

    Университеттин 20 жылдык мааракесин белгилөөгө Түркия Республикасынын Вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Түркеш катышуу үчүн 27-апрель күнү жеке учагы менен түштө учуп келди.


     

    Күнү: 29.04.2016ж.

    Сааты: 11.00

    Жери: Жал кичи району, КТМУнун Ч.Айтматов атындагы кампусу,

    К.Тыныстанов атындагы жыйындар залы

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *