Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргыз жетекчилиги Табылды Эгемберидиевди эскеришти
Бүгүн кыргыз жетекчилиги Табылды Эгемберидиевди эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
“Табылды Эгембердиев акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүгө шымаланып киришип, өлкөбүздө эле эмес, региондо сейрек кездешүүчү этнокомплекстерин түптөп, ийгилигин арттырган. Бул жайлар азыр чет жердик саякатчылар байма-бай каттаган Кыргызстандын туристтик бизнес жүргүзүүнүн үлгүсү болуп калды. Табылды Эгембердиев өңү менен, баскан-турганы менен, башкаларга жасаган мамилеси менен, ойлогон ою менен нукура Кыргыз эле. Сөзү эмес, иши менен Мекенинин экономикасына, беделине, мамлекеттүүлүгү менен эгемендигинин чыңдалышына салымын кошкон ар кырдуу инсан катары баарыбызга өрнөк”, -деп кыргыз жетекчилигинин некрологунда жазылган.
Ошондой эле эскерүүдө кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири Табылды Эгембердиевдин жаркын элеси түбөлүк эсибизде сактала турганын билдиришкен.