Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстан аялдардын укуктарынын сакталышы боюнча Женевада отчет берет
31 01 2015 13:39
Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы аялдардын укуктарынын сакталышы боюнча жакында Женевада отчет берет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, кечээ, 30-январда БУУнун фонду аялдарга карата зомбулук боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен жыйынтыктоочу жыйын өткөргөндө, министр Кудайберген Базарбаев аялдардын өлүмүнүн өсүшү, эмгек миграциясы, эрте никеге туруулар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук - мунун баарын чечүүдө бардык күчтөр биригиши керек экенин айткан.