Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдык мааракеси белгиленүүдө
19 12 2014 10:16
Кыргызстан элинин ассамблеясынын 20 жылдык мааракесинде ассамблеянын пайдубалын түптөгөн инсандар эскерилет. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Өзбек маданий борборунун президентинин милдетин аткаруусу Бахтияр Фаттахов билдирди. Анын айтымында, иш-чарага Кыргызстандын бардык облустарынын өкүлдөрү катышат. “Бүгүн Кыргызстан элинин биримдигинин майрамы. Биз ынтымакта, биримдикте болсок, өлкөбүз өнүгөт”, -дейт Б. Фаттахов.
Элдин ынтымагын, достугун чыңдоо жана улуттар аралык мамилени бекемдөө максатында уюм 1994-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда ассамблеяда жыйырма сегиз коомдук бирикме бар.