Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Кыргызстан-Кытай» темир жолун куруу долбоорунун ар кандай варианттары талкууланды
20 01 2015 15:41
Бүгүн, 20-январда Президент Алмазбек Атамбаев Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорун Аргынбек Малабаевди кабыл алганда, «Кыргызстан-Кытай» темир жолун куруу долбоорунун ар кандай варианттары талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент эки өлкөнү бириктирген ушул темир жолдун акыркы маршруту Кыргызстанга да, Кытайга да пайдалуу болушунун маанисин белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановго ушул маселе боюнча Кытайдын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн өлкөнүн өкмөттүк делегациясын жетектөө милдетин тапшырды.