Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Кыргызстан – Кытай” темир жолунун курулуш долбоорунун түрдүү варианттары талкууланды
06 01 2015 13:27
Бүгүн, 6-январда Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевди кабыл алганда, “Кыргызстан – Кытай” темир жолунун курулуш долбоорунун түрдүү варианттарын талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент бул долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытай Эл Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берди.