Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы көзөмөлү жоюлду
12 08 2015 11:40
Бүгүн, 12-августта кыргыз-казак чек арасында бажы тосмолору алынды. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекетинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага премьер-министр Темир Сариев жана казак өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев катышты.
Ал эми телекөпүрө аркылуу Чолпон-Ата шаарынан эки президент Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев күбө болушту.