Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 10-апрелде президент Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 1-апрелде кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстан тарабынан ушул макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.