Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстанда чөптүн баасы былтыркыдан кымбат, ал эми самандыкы арзан болууда
10 11 2014 11:36
Кыргызстанда чөптүн баасы былтыркыдан кымбат, ал эми самандыкы арзан болууда. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр чөптүн баасы 130 сом болсо, быйыл 175 сом. Самандын баасы былтыр 110 сомдон сатылса, быйыл 107 сом.
Республикада тоюттун баасы Баткенде кымбат чөптүн баасы 200-220сом, самандыкы 100-120сом. Ал эми Ош облусунда болсо быйыл чөптүн баасы 130-150 сом, самандыкы 120-130 сомдон сатылууда.