Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстанда эң бою узун адам Ж. Райымбаевдин учурда ден соолугу оор абалда
Кыргызстанда эң узун адам деп эсептелген Женишбек Райымбаевдин учурда ден соолугу оор абалда. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Кант шаардык кеңешинин депутаты Марат Мамралиев билдирди. “Биздин мамлекет 100 жылда бир төрөлгөн адамга кайдыгер мамиле кылууда. Жеңишбек мырзанын катуу ооруп жатканын угуп, нааразы болуп жатам. Бийликтегилерди мамлекеттин эсебинен айлык катарында жардам көрсөтүүгө чакырам”, -дейт М.Мамралиев.
Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева TOPNEWS.KG маалымат порталына Жеңишбек Райымбаевге мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтты. “Жеңишбек Райымбаев Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо борборунда акысыз медициналык текшерүүдөн өткөн. Министрлик тарабынан Ысык-Көлдөгү санаторийлердин биринде дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мындан тышкары майыптык пенсия алат”, -дейт К.Кадыралиева.