Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
23 01 2015 09:30
Кыргызстанда кечээ, 22-декабрда кечки саат онго жакын күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 65чакырым түштүк-чыгышты, Ала-арча айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөө Ала-Арча, Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Эпкин жана Чолпон айылдарында 3,5-4 балл, Куйручук, Кызарт айылдарында жана Ысык-Ата курортунда 3,5 балл, Кочкор, Теплые ключи айылдарында 3 балл, Бишкек, Шопоков, Кемин жана Кара-Балта шаарларында 3 балл болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.