Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу талкууланууда
26 09 2014 14:05
Бүгүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу талкууга алынып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Министрдин орун басары Э. Чодуевдин айтымында, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк Саммитинин алкагында кабыл алынган талаптарды аткара алган. Жакырчылык жана ачкачылык менен күрөшүүдөгү жетишкендиктери үчүн Кыргызстан БУУ Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун 38-сессиясында сыйланып, Саммиттин алкагындагы талаптарды аткара алган 18 өлкөнүн катарына кирген.
Иш-чарада БУУ азык-түлүк жана айыл-чарба (ФАО) уюмунун, БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздук (ВПП) уюмунун жана Айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча Эл аралык (ИФАД) уюмунун отчеттору угулууда.