Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандык чек арачы өз жубайына зомбулук көрсөткөн
ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алып жатканын бүгүн, 12-мартта парламенттик жыйында айтты.
Анын айтымында, эл өкүлүнө жаш келин кайрылып , жолдошу зордук -зомбулук көрсөтүп жатканын маалымдаган.
“Мага Гульназ аттуу келинден арыз түштү. Күйөөсү тарабынан жаш келинге зордук-зомбулук көрсөткөн. Мындай кордукка чыдабаган келин эки баласын ээрчитип алып үйүнө кеткен, ага карабай күйөөсү артынан барып энесинин көзүнчө сабап, катуу токмоктогон. Зомбулукка чыдабаган келин, мыкаачы күйөөсүнөн кутулуунун айласын таппай, акыры балдарын апасына таштап Россияга иштеп кеткен. Ал эми бүгүнкү күндө келиндин жолдошу балдарын өз апасына көргөзбөй, ар түрдүү коркунучтарды туудуруп, “сен эжеңди жана апанды сотко бер, анан мен сага балдарды көргөзөм” деген шарт койгон. Мен бул ишти колума алып,ал баланын каякта иштээрин, ким болоорун аныктаганымда ал чек ара кызматкери болуп чыкты. Эгерде чек ара кызматкери өзүнүн үй-бүлөөсүн коргой албай жатса, мамлекетти кантип коргойт?”,-дейт Б.Мамырова