Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүү коркунучу күтүлөт
14 04 2015 11:12
Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
15-16-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөрүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачындын арбын жаашы күтүлөт.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде айрым жерлерде 0…-2 градуска түшүп, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -2…-4 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Күтүлүп жаткан жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.