Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Европа биримдиги 6 миллион евро бөлүп берди
Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 6 миллион евро бөлүп берди. Бул тууралуу Каржы миистрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-январда билдирди.
Маалымат боюнча, 2014-жылдын 30-декабрында Европа биримдиги тарабынан Кыргызстандын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын эсебине билим берүү тармагын колдоо үчүн 6 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат которулган.
Грант 2020-жылга чейин Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууда өкмөткө көмөк көрсөтүү үчүн 23 миллион евро суммасындагы бюджеттик колдоо программасынын, ошондой эле 2012-2014-жылдарга иш-аракеттер планынын бир бөлүгү экени айтылды. Программанын максаты – жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системин реформалоо, билим берүүнүн сапатын жана педагогикалык стандарттарды жогорулатуу, мамлекеттик каржыларды башкарууну бекемдөө.