Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандын пахтасын Кытайга түздөн-түз, чоң көлөмдө экспорттоо маселесин сүйлөшүү болду
11 04 2015 11:11
Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Кытайдын кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Сунь Хэни кабыл алганда, Кыргызстандын пахтасын экспорттоо жөнүндө сүйлөшүштү.
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, жолугушуунун максаты - пахтаны Кытайга түздөн-түз, чоң көлөмдө экспорттоо маселесин сүйлөшүү болду.
Сунь Хэ кыргыз өлкөсү менен болгон кызматташтыкты бекемдеп, иш алып бара тургандыгы белгилеп өттү.