Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүү коркунучу жогору
10 11 2014 10:22
10-ноябрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала–Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 60-100-чакырымдарында кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Аталган аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы керектиги эскертилди.
Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында 6-ноябрда Өкмөттүн атайын буйругу чыкты.