Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү коркунучу күтүлөт
24 11 2014 15:41
Кыргызстандын тоолуу райондорунда 24-28-ноябрга чейин катуу жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Бишкек-Ош 121-137, 198-265 чакырымдары, Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу 45-90, 145-150 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя 62-100 чакырымдары, Бишкек-Талас 198-210 км, Өтмөк ашуусу, Каракол-Эңилчек 45-90 чакырымдары кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
25-ноябрда жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болот.