Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жаандан улам жолдор тайгак болуп, муз тоңот
21 11 2014 10:30
Кыргызстандын тоолуу райондорунда 20-25-ноябрда жааган кардын жана дагы болот деп күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу бүгүн 21-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука--Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты кармоо керектигин ӨКМ эскертет.