Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Кырк Чоро Биримдиги» Казакстанга өткөрүлүп берилген Каркыра жайлоосу тууралуу өткөрө турган жыйыны белгисиз мөөнөткө жылдырылды
11 04 2015 10:38
«Кырк Чоро Биримдиги» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Бишкекте Казакстанга өткөрүлүп берилген Каркыра жайлоосу тууралуу өткөрө турган жыйыны белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган бирикменин мүчөсү Калыс Жаныбеков билдирди.
К. Жаныбеков 7-апрелде аталган маселени 11-апрелде талкуулай турганын TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирген.
Алар мындан кийин Каркырага окшогон жана башка жерлер сатылбасын деген талап менен иш-чара өткөрүшөт.
Эскерте кетсек, 2008-жылдын 11-апрелинде ЖК депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Каркыра жайлоосу Казакстанга өткөрүлүп берилген.