0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Кырк миң унаалык шаарда 400 миң унаа

    Кырк миң  унаалык шаарда 400 миң унаа
    18 09 2014 15:32

     

    Бишкек 40 миң унаага ылайыкталган менен азыр шаарда 400 миңге жакын машина бар. Республикалык жол кайгуул башкармалыгынын жетекчи орун басары Кубанычбек Ималов тыгынга алып келген мындан башка себептерине токтолду.

    “Тыгындын көп болушунун биринчи себеби, жол жана шаар инфраструктурасынын начардыгы. Жолдор тешик, белгилер коюлган эмес, чиймелер жок. Чийме жок болгондуктан карама-каршы тарапка өтүп кетишет, жөө жүргүнчүлөргө токтобойт. Жол кайгуул кызматкерлери менен чийме жоктугунан талашып-тартышат”, - деди Кубанычбек Ималов.

    Бишкектеги көчөлөрдүн дээрлик баарында жолдун эки тарабы парковкага айланган. Адистер жер алдына жана кабаттуу унаа коюу орундарын салыш керек дешет.

    Иш жүзүндө Бишкекте азыр бир миллион 300 миңден ашык адам жашаганы айтылат. Союз учурунда сейсмикалык жактан Бишкекте метро салууга болбойт деп айтылган. Бирок азыр адистер анда изилдөө чала болгонун, азыркы технология менен каалагандай метро салууга мүмкүн экенин билдирүүдө

    Мэриянын муниципалдык базарлар, парковкалар боюнча дирекция башчысы Курмат Кыдыралиев болсо “Коррупция шылтоосу менен парковкалар мэриядан алынбаганда көчөлөрдө ирээттүүлүк болот эле, азыр ар ким каалагандай токтоп жатат. Унаа коюлган жайларды караган кызматкерлердин айлыгы 1500 сом болчу. Алар албетте коррупцияга барат. Мен алардын айлыгын 7000 сом кылып, парковка картасын сатууну сунуштап жатам. Мисалы бир киши он сомдон берип отуруп бир айда миң сомдон ашык чыгым кылат. Орунда 300 сомго парковка картасын сатып койсок баар алат деп ойлойм. Кызматкер колуна акча албайт”, - деген оюн билдирүүдө.

    БИ-БИ-СИ

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *