0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Кышка аз калды, камылга шайбы же жайбы?

    Кышка аз калды, камылга шайбы же жайбы?
    18 09 2014 15:44

    Быйылкы кургакчылыктан улам суу сактагычтарда жетиштүү суу топтолбой, энергетикалык каатчылык жаралууда. Ал ортодо Ош аймагына Өзбекстан газ бербей койгону өкмөттүн түйшүгүн эки эселентти. Бул жагдайдардан улам өкмөт сын-пикирлерге кабылып жатат.

    Кышка даярдык бүгүн Ош шаардык кеңешинин күн тартибиндеги башкы маселе болуп каралды. Шаар бийлиги өкмөткө кайрылып, газсыз калган аймактагы электр энергиясына болгон чектөөнү алып салуу өтүнүчүн билдирди.

    “Энергетика министрлиги энергетика каатчылыгынан улам былтыркы жылдагы чектөөдөн дагы 26% төмөндөтүү туралуу маселе койуп жатат. Ошто газ жоктугун эске алып, аймакка ушул чектөөнү алып салуу өтүнүчүн келтирип жатабыз. Бул эми өкмөт чече турган маселе, -дейт Ош шаарынын вице мэри Кутманаалы Абдракман уулу. –Эгер бул маселе чечилбей калса анда шаардык мэрия “Жети кадам” деген атайын программа иштеп чыкканбыз. Негизги маселе электр жарыгын үнөмдөөгө багытталган. Бул үчүн жалпы коомчулук жардамга келиши керек. Маселен, үнөмдүү электр приборлорун колдонуу 18 млн. кв электр энергиясын үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк бермек”.

    Өкмөт тарабынан Ошко атайын каражат каралып, электр энергиясын күчтөндүрүү, жылытуу системасын көмүргө өткөрүү аракеттери туралуу жай боюу эле айтылып келди. Бирок шаардык кеңештеги “Улуттар Биримдиги” фракциясынын жетекчиси Рысбек Мырзаматов даярдыктарды начар деп баалап жатат.

    -Кышка даярдык жок эмес бар. Бирок жетиштүү эмес. Жөн эле элге курук сөз менен көп нерселер айтылып иш жүзүндөгү даярдык 50%га жетпейт. Мындай жол менен кетсек кышта өтө оор болот. Көмүрдү 4 сомдон сатылып жатат деп маалымат берип жатышат. Бүгүн эле бир топ тургундар кайрылды мага, “ошол 4 сом деген көмүр кайсыл жерде бар экен, биз 5 сом 20 тыйындан алып жатабыз” деп.

    Бирок бул сын-пикир менен шаардык мэрия макул эмес. Ош шаардык кеңешиндеги “Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдувахаб Нурбаев шаар бийлиги колдон келген даярдыгын көрдү дейт.

    -Шаардагы көптөгөн жылытуу системасы көмүргө өткөрүлүп жатат. Жылытуу системасынан үзүлүп калган көп кабаттуу үйлөрдү кайра өткөрүү аракетин көрүп жатышат. Мисалы, Манас-Ата кичи районундагы көпчүлүгү колунда жок бүлөөлөр жашаган эки кабатуу 17-18 жатакананы бюджеттин эсебинен жылытуу системасына өткөрүп берип жатышат. Ал эми бир катар көп кабаттуу үйлөрдү жарымын бюджеттен, жарымына жашоочулар салым кошуп жылытуу системасына кошулушууда.

    Ал эми тургундар арасында кышка даярдыкка мамиле түрдүүчө. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар электр жарыгына басым жасайбыз, тамаш-аш жасаганга андан башка жолубуз жок деп аргасыз алакан жайса, жер тамдагылар көмүр кымбаттыгын айтып даттанышты.

    Буга чейин өкмөт газсыз калган аймакта электр кубатын күчтөндүрүүгө басым жасап, каражат бөлгөнү коомчулукту бир топ соороткон эле. Суюлтулган газ менен камсыздоо жагы да айтылган. Деген менен мындай газды көп кабаттуу үйлөрдө колдонуу кооптуу экени да айтылган. Кыш жакындаганы электрге чектөөлөр болсо, көмүр кымбаттаса абал кантет деген чочулоолор суук менен кошо элди үшүтүп баштады.

    БИ-БИ-СИ

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *