Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кытайлыктар КРнын Ички иштер министрлигине материалдык - техникалык жардам көрсөттү
22 11 2014 13:50
Кытайлыктар КРнын Ички иштер министрлигине материалдык - техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, ноябрдын башында министр Мелис Турганбаев менен Кытайдын КРдагы элчиси Ци Даюй менен жолугушканда жардам тууралуу келишим түзүлгөн. Элчи кайтарымсыз негизде 3 миллион юань суммасына атайын жана техникалык каражаттар, жабдыктар берилерин билдирген.
Кытайлыктар ИИМдин муктаждыктары үчүн 50 миллион юань суммасына кошумча материалдык-техникалык жардамдарды берет.