Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өлкө башчы менен Улуттук банктын төрагасы финансы секторун өнүктүрүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 2014-жылдын 22-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алгандыгы туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысына Улуттук банктын өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын банк системасынын ишенимдүү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.
Жолугушууда өлкө башчы менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2013-2017 жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган, тактап айтканда, финансы мекемелери менен ишкерлердин арзан жана көп мөөнөттүү насыяларды алууда ынгайлуу шарттарды түзүп берүүгө байланышкан финансы секторун өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты.