Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М. Абдылдаев Тышкы иштер министрин кийинки жыйынга чакырууну сунуштады
12 03 2015 10:45
“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев Тышкы иштер министрин кийинки жыйынга чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында бүгүн, 12-мартта билдирди.
“Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Россияга АКШ санкция жарыялаган ошол боюнча жана башка маселелерди угуп койсок жакшы болмок. Ошондой эле министр бизге кыргыз мамлекетинин геосаясий маселелердин акыбалы жөнүндө маалымат берип кетсе”, -дейт М. Абдылдаев.