0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    М. Аскарбеков: Бийлик башындагы адамдар кыргыз элин, кыргыз мамлекетин кайда алып баратат?

    М. Аскарбеков: Бийлик башындагы адамдар кыргыз элин, кыргыз мамлекетин кайда алып баратат?
    06 04 2015 16:03

    Апрель элдик революциясынын баатырлары 2005 жана 2010-жылкы элдик көтөрүлүшкө активдүү катышкандарды жана кайдыгер эмес жарандардын бардыгын эртең, саат он бирде өтө турган борбордук аянттагы жыйналышка чакырышты.

    Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Эркин Эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков билдирди.

    Анын айтымында, алар 2010-жылкы убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүн дагы чакырышкан. «2005 жана 2010-жылкы элдик революциянын жыйынтык чыгаруу күнү келди десек болот. Эртеңки жыйналышта бир нече маселелер тууралуу сөз болот. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "Ата-Бейитте", шейит кеткен балдардын мүрзөсүнүн үстүндө туруп берген анттары канчалык деңгээлде аткарылды? Акыркы 10 жана 5 жылда мамлекетибизде кандай өзгөрүүлөр болду?  Бийлик башындагы адамдар кыргыз элин, кыргыз мамлекетин кайда алып баратат? Мына ушул маселелер боюнча сөз кылууну чечтик. Тилекке каршы мамлекеттик телерадиокомпаниялар өзгөрүүлөр болду деп жатышат. Бишкектин баарын жайната «мамлекеттин өзгөрүү күнү 7-апрель»деп баннерлерди илип жатат. Биз өзүбүздү-өзүбүз алдоодон алыс болсок», -дейт М. Аскарбеков.

    Мындан тышкары, ал мамлекет азыр өтө оор социалдык-экономикалык абалда турганын айтты.

     

     

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *