Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М. Аспековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат
«Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековдун тарапташтары Ак үйдүн алдына митингге чыкты. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган партиянын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбеков билдирди.
Анын айтымында, алар президенттин администрациясына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүшкөн. Кайрылууда Мелис Аспеков парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкер катары ат салышып жаткандыктан аны бошотуу, сот отурумун улам жылдыра берүүнү токтотуу талап кылынган.
«Мыйзамдуу талапкерди эл менен жолугушууга жол ачып бошотушпаса ар кандай акцияларды уюштура беребиз», -деди Т. Жунусбеков.
Маалымат боюнча, Мелис Аспеков “Мекен ынтымагы” партиясынын тизмесинде 4-октябрда өтчү шайлоого талапкер катары катталган.
Белгилей кетсек, ал 20-августта камакка алынган. Айдоочуга жол кире бербей, тапанча такаган деп айыпталган. Бирок анын тарапташтары мындай айыптоону куру доомат деп, саясий буйрук катары баалашууда.