Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М. Чолпонбаев: М. Аспеков бир саясий партиянын жетекчиси болгондон кийин 100 сом үчүн айдоочуга тапанча такады деген жала келесоолук
«Мелис Аспеков бир саясий партиянын жетекчиси болгондон кийин 100 сом үчүн айдоочуга тапанча такады деген жала келесоолук», - деп бүгүн, 9-июнда «Мекенчил» партиясынын теңтөргасы Мелис Аспековдун жактоочусу Мукар Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Мелис Аспеков таксистке 100 сом төлөбөй, курал колдонду деп 234-берененин үчүнчү бөлүмү менен кылмыш ишин козгогон.
«Курал колдонгондугу тууралуу далили жок мындай берене менен кылмыш ишин козгогонго болбойт. Бул Мелис Аспековго басым көрсөтүү», - дейт М. Чолпонбаев.
Ал эми Мелис Аспеков 28-майда ал өзүнүн тааныштары менен жолуккандыгы тууралуу айтып берди. «28-майда, кечки саат ондордо Москва жана Совет көчөрүнүн кесилишинде таанышымдын кеңсесине баргам. Ал жерде унаа токтотконго жай жок болгондуктан Бөкөнбаев көчөсүнө токтотком. Эки таанышым менен жолугуп, Токтогул көчөсүндө жайгашкан кафелердин бирине бардык. Акча капчыгымды алуу үчүн Бөкөнбаев көчөсүнө унаама барганга туура келди. Эшикке чыгып, Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин барганга таксист 100 сом сураган. Мен ал сураган акчаны берип, эч кандай тапанча такап коркуткан эмесмин», - дейт М. Аспеков.
Бир саат өткөндөн кийин Мелис Аспековду милиция кызматкерлери Свердлов РИИБине кармап кетишкен. Эки күндөн кийин аны үй камагына чыгарышкан. Бул иш боюнча сотко жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, Аспековго укук коргоо органдарынын кызматкерлери социалдык тармак аркылуу эч кандай билдирүүлөрдү жазбоо жөнүндө эскертме берген.
Мелис Аспековдун айтымында, 7-июнда Таласка Жерүйдүн иштетилишине байланыштуу маселе боюнча ал бир канча балдарды алып бармак экен.