Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М. Сабиров: «Фермерлерге жеткиликтүү насыялар» долбоорунун ишке ашышы менен айыл-чарбаны каржылоо 5 эсеге көбөйгөн
22 06 2015 14:07
«Республика» фракциясынын колдоосу менен 7 пайыздык «Фермерлерге жеткиликтүү насыялар» долбоору алгачкы жолу ишке ашырылды», - деп бүгүн, 22-июнда маалымат жыйында аталган фракциянын лидери Максат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу менен бюджетке ооручулук туудурбастан, айыл-чарбаны каржылоо болжол менен 5 эсеге көбөйгөн. «Калк үчүн насыялык ресурстун жайылтылышын, тандоосун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп, айыл-чарбасында өнүгүү 4, 2 пайызга камсыз болду», - дейт М. Сабиров.
Эскертсек, парламентте «Республика» фракциясынын 5 жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өттү.