Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М. Сатыбалдиев: Улуттук гвардиянын 2015-жылга эсептик муктаждыктары 45 пайызга кем
08 06 2015 15:51
Улуттук гвардиянын эсептик муктаждыктарында 2015-жылга акча каражаттары 802,9 миллион сом, республикалык бюджет боюнча 353,2 миллион сом контролдук сумма аныкталган. Бул тууралуу парламентте коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Улуттук гвардиясынын кол башчысы Мелис Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, эсептик муктаждыктары 45 пайызга кем. «2015-жылга карата сунушталган контролдук сумма жаңыдан түзүлгөн Улуттук гвардиянын жашоо ишмердүүлүгүн толук камсыздоого жана Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо иш-планы боюнча материалдык-техникалык запастарды түзүүгө жана жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзө албайт», - дейт М. Сатыбалдиев.