Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М. Токтобеков: Ош шаарына дагы бир жаңы заманбап аэропортту куруу - учурдун талабы
Жергиликтүү аэропорттордун толук кандуу иштешин камсыздап, эл аралык башка аэропорттордон кем болбош керек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин жарандык авиация агенттигинин директорунун экс-орун басары, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Муратаалы Токтобеков билдирди.
Анын айтымында, акыркы мезгилдерде Ош аэропорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу жана аларды тейлөө мурдагыдан жакшырган. Бирок эл аралык стандарттарга туура келбейт.
«Кыргызстан Европа жана Түштүк Чыгыш Азиянын дал ортосунда жайгашкандыктан, жаңы аэропорт курулуп калса, каттамдардын саны жана аба жүргүнчүлөрүн тейлөө сапаттуу деңгээлде болуп, жаңы жумуш орундары түзүлмөк. Азыркы учурда Ош аэропортунун инфраструктурасын жакшыртып, андан сырткары Ош шаарында дагы бир жаңы заманбап аэропортту куруу бул учурдун талабы. Ошол себептен биз Өкмөткө жаңы аэропортту курууну жана учурдагы аэропортту толук реконструкциялоону сунуштап жатабыз. Келечекте бул долбоорду сөзсүз ишке ашыруубуз керек. Анткени биздин улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында авиация тармагын, транспорттук түйүндөрдү түзүү маселеси өзгөчө белгиленген», -дейт Муратаалы Токтобеков.