Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М.Аспеков:“Курултайга алып бараткан гезиттерди укук коргоо органдары тартып алышты"
24 09 2014 11:31
23-сентябрь түндө “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү Мавлян Аскарбеков, Замирбек Көчөрбаев, Айбек Бусурманкуловду Сосновкадагы посттон укук коргоо органдары токтотуп, күч колдонуп бардык материалдарын тартып алышкан. Бул тууралуу “TOPNEWS.KG” маалымат порталына “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Мелис Аспеков билдирди.
Анын айтымында, Мавлян Аскарбеков 27-сентябрда пландалып жаткан курултайдын катышуучуларына таратылуучу гезиттерди Таласка алып бараткан.
Эске алсак, Таласта 27-сентябрда өтө турган курултайда Көк-Сайдагы Күркүрѳѳ суусу мыйзамсыз казак тарапка сатылып кеткендиги, электр энергия, күйүүчү май, коррупция, криминалга байланышкан социалдык-экономикалык маселелер талкууланат.