Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М.Бакиевдин иши боюнча укук кызматташтык талкууланды
10 10 2014 13:44
Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев кечээ Улуу Британиянын мамлекеттик юстиция министри Лорд Эдвард Фолкс менен жолугуп, Максим Бакиевдин иши боюнча укук кызматташтыгын талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн компетенттик органынын ортосунда эки тараптуу укук кызматташтыгы жана мыйзамсыз чыгарылган активдерди Кыргызстанга кайтаруу маселеси каралды.
Ошону менен катар эле министрдин орун басары Эринес Оторбаев экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жаатына көнүл буруунун зарылдыгын белгилеп, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин линиясы боюнча көрсөткөн долбоордук жардамы үчүн британия тарапка ыраазычылык билдирди.