Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
М.Ниясалиев: “Таласта курултай өтө турган убак эмес”(Видео)
23 09 2014 11:55
Талас эли 27-сентябрда өтө турган курултайга каршы. Бул тууралуу бүгүн Талас облусунун жаштар комитетинин өкүлү Маратбек Ниясалиев басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул курултай бир топтун кызыкчылыгы үчүн уюштурулуп жатат. “Курултайдын уюштуруучусу Мавлян Аскарбеков элдин жашоосун оңдоо үчүн сунуштарын айтып элди чакырса каршы эмеспиз. Мавлянды Равшан Жээнбеков колдоп жатат деген божомолдор да бар. Учурда Таластын жашоочулары түшүмдөрүн чогултуп жатат, кардарларды качырып албайлы деп тынчсызданып жатабыз. Азыр курултай өткөрүү убак эмес”,-дейт М.Ниясалиев.