Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Маалымат.кг сайтынын редакторуна каршы доонун өлчөмү 1 миллион сомго көбөйтүлдү
Бүгүн, 16-июнда Аламүдүн райондук сотунда Маалымат.кг сайтынын редактору Дайырбек Орунбековдун иши каралып, башкы прокурор Индира Жолдубаева доонун өлчөмүн дагы 1 миллион сомго көбөйткөн. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков билдирди.
Башкы прокурор 17-апрелде доо арызда Дайырбек Орунбеков «президенттин ар-намысына шек келтирди» деп, 1 миллион сом талап кылган.
Ал эми бүгүн дагы 1 миллион сом талап кылганынын себеби, Дайыр Орунбековдун сот жарыяланып башталгандан бери бир нече гезиттерге берген маегинде президенттин аброюна шек келтирүүнү уланткан деп айыптаган.
22-июнда Башкы прокурордун доо арызын кароо Аламүдүн райондук сотунда уланат.
Белгилей кетсек, Дайырбек Орунбеков 2010-жылкы июнь окуясынын келип чыгышына Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп күнөөлөгөн макаласы үчүн башкы прокурор сотко кайрылган.