Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Ошто иш-чара өтөт
29 10 2014 15:44
Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата эртең, 30-октябрда Ош шаарында иш-чара өтөт. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалымат боюнча, иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана бир катар маданият өкүлдөрү катышат.
Аныктама: 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү 15 жылдан бери белгиленип келатат. 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу И.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу токтом чыгарган.