Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ВУЗNews - Новости и Мероприятия
Мамлекеттик башкаруу Академиясы кыргыз тилин өнүктүрүү багытында
Кечээ, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу Академиясынын ректору Алмаз Насыров менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул жөнүндө окуу жайдын пресс катчысы кабар берди.
Биргелешип иштөө төмөндөгү багыттарды өзүнө камтыйт:
-Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашырууга;
-Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча Концепциясын иш жүзүнө ашырууда биргелешкен аракеттерди көрүүгө;
-Көп улуттуу элдердин арасында кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу менен бирге анын улуттарды бириктирүүчү тил катары даражасын көтөрүү;
-Мамлекеттик тилди коомдук турмуштун баардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга;
-Мамлекеттик тилди кесиптик билим берүүдө жана иш кагаздарын жүргүзүү системасында тереңдетүү жана кеңейтүү;
-Окутуу китептерди иштеп чыгарууда алардын ченемдик-усулдук негиздерин түзүү;
Меморандум кол коюлган күндөн тартып 12 (он эки) ай күчүндө болот.