Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Манас» сөздүгү даярдалып, басмага сунуш кылынды
Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Манас бөлүмү тарабынан «Манас» сөздүгү» даярдалып, басмага сунуш кылынды. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган «Манас» сөздүгү» кыргыз тилинин байлыгын, түшүнүктөрдүн көп маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт.
«Сөздүктө архаизм, историзм, турмуш-тиричиликте жолугуучу сөздөргө кеңири түшүнүктөр берилген. «Манас» сөздүгү» көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы. «Манас» эпосунун үчилтигинин негизиндеги «Манас» сөздүгүн» түзүүгө маркум манастаануучулар Самар Мусаев, Эсенаалы Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков, Кеңеш Кырбашевдерден тартып бүгүнкү жаш илимий кызматкерлерге чейин катышышты. Азыр коомчулукка жеткирүү үчүн каражат издеп жатабыз. Сөздүк жарык көрсө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу» – дейт илимий долбоордун жетекчиси, вице-президент, академик Абдылдажан Акматалиев.