Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Медициналык академияда кайтарымсыз донорлук боюнча акция өтүүдө
25 09 2014 18:14
Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда кайтарымсыз донорлук боюнча акция өтүп жатканын аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Акциянын алкагында өз каалоосу менен кан тапшыруучулардын саны көбөйүп, 3 күндүн ичинде 150 литрден ашык кан тапшырышкан. Эң активдүү донорлор "КРнын ардактуу донору" атайын сыйлыктар жана төш белгилери менен сыйланышты.
Кошумчалай кетсек, акцияда чогулган кан, балдарды дарылоо мекемелерине жиберилет. Азыркы учурда КММАнын башкы имаратында Республикалык кан борборунун күчөтүлгөн бригадасы иштеп жатат.