Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Мекенчил” партиясы Садыр Жапаровдун “Ата Мекен” партиясын колдогонуна макул эмес
“Мекенчил” партиясынын жалпы жамааты Садыр Жапаровдун “Ата Мекен” партиясын колдогонуна макул эмес. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Төрөхан Жунусбеков социалдык тармак аркылуу билдирген.
Ал Садыр Жапаров “Ата Мекен” партиясын колдой турган болсо “Мекенчил” партиясынан чыгып колдосун жазган.
“Эгерде ал ММКларга берген маегинен жакынкы күндөрү баш тартпаса, анда биз партиянын ичинен талкууга салып, Садыр Жапаровду партиядан чыгарганга мажбур болобуз”, -дейт Т. Жунусбеков.
Мындан тышкары ал бул билдирүү жазылгандан мурун, "Мекенчил" партиясынын бир топ мүчөлөрү менен кеңешилгенин жазган.
Ал эми Садыр Жапаров TOPNEWS.KG маалымат порталына “Мекенчил” партиясынын атынан эмес жеке өзүнүн атынан анализ бергенин билдирди.
“Ар ким өз оюн билдирип анализ берсе ага эч ким чек койгонго акысы жок. Биздин жаштарыбыз жөн эле эмоцияга алдырта бериштин кереги жок. Негизи бул шайлоонун жыйынтыгы эбак эле даяр болгон. Үч партия келет. “Ата-Мекенди” дагы өткөрүшпөйт”, -дейт С. Жапаров.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кечээ, 13-августта “Ата Мекен” партиясын колдой турганын билдирген. Ал учурда “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы.